Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 25
“Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын 2024-жылга карата аткарган иштери (отчёту) жөнүндө
“Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировдун 2024-жылга карата аткарылган иштери боюнча маалыматын угуп, айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын 2024-жылга карата аткарылган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировго уставына жана бекитилген пландарга ылайык иш жүргүзүү менен тийиштүү отчётторду берип туруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына (Б. Усеновго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |