Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 27
Тр Турак имараттар жана жайлар үчүн ставкалардын өлчөмүн
бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча (контрактын негизинде) салык кызматкери Б. Түрковдун Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-беренесине ылайык, турак имараттар жана жайлар үчүн ставканын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп талкуулап чыгып,“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1Турак имараттар жана жайлар үчүн ставканын өлчөмү, Мамлекеттик Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын сунушу боюнча 1-чарчы м2 үчүн 11 (он бир) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөайылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго)жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |