Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 28
Жер аянттарын ижарага берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А. Бекиевдин К. Ташиев атындагы № 62 кесиптик лицейге № 465 контурдан 6,0 га жер аянтын, айыл аймагында жайгашкан мектеп жана бала бакчалардын материалдык техникалык базасын колдоо максатында 1,0 га жер аянттарын ижарага алып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К. Ташиев атындагы № 62 кесиптик лицейге № 465 контурдан 2,0 га жер аянтын ижарага алып иштетүүгө макулдук берилсин.
2.Айыл аймагында жайгашкан мектеп жана бала бакчалардын материалдык техникалык базасын колдоо максатында 1,0 га жер аянттарын ижарага алып иштетүүгө макулдук берилсин.
3.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |