Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 30
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын балансасында турган ички
чарбалык жолдорду өткөрүп берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А. Бекиевдин Куршаб-Кызыл-Сеңир, Кочкор-Ата-Кремль автожолунун 19-чакырым 300-метр жана Куршаб-Кызыл-Октябрь-Ынтымак автожолунун 8–чакырым 500-метр автожолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар Министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Куршаб-Кызыл-Сеңир,Кочкор-Ата-Кремль автожолунун 19-чакырым 300-метр жана Куршаб-Кызыл-Октябрь-Ынтымак автожолунун 8–чакырым 500-метр автожолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар Министрлигинин карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу аталган автожолдорду мыйзамдын талаптарына ылайык өткөрүп берүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |