Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 31
Жеке менчик үйдүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Кызыл-Сеңир айылынын К. Жолдошов көчөсүнүн № 32 үйүнүн тургуну Тиллебаев Кожомкулдун өзүнө таандык 5-06-12-1001-0517 номерлүү коду менен берилген жеке менчик үйүнүн багытын өзгөртүп бала бакчага айландыруу боюнча айыл тургундарынын кайрылуу катын карап жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Тиллебаев Кожомкулдун өзүнө таандык жеке менчик үйүнүн багытын өзгөртүп бала бакчага айлантууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышына мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Мурзанбетовго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |