Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 32
Эски-Покровка айылынын көчөлөрүнүн бирине маркум Каримов
Алимжандин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Эски-Покровка айылынын тургундарынын кайрылуу катында Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагери маркум Каримов Алимжандин ысмын ыйгаруу жөнүндө жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эски-Покровка айылынын К. Сайпидинов атындагы борбордук көчөсүнүн кесилишинен Кызыл-Октябрь айылы менен чектешкен (каналга) жолго маркум Каримов Алимжандин ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Эски-Покровка айылынын айыл башчысы И. Жумабековго жана А. Каримовдун уул кыздарына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына ( А. Мурзанбетовго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |