Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 33
Токтомду өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
“Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировдун муниципиалдык ишкана болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, таза суу тарифин жолдун боюндагы түтүкчөлөргө (крандарга) 100,0- сомго жана үйдүн ичиндеги түтүкчөлөргө (крандарга) 150,0-сомго тарифтерди жогорулатуу боюнча айылдык кеңештин 2022-жылдын 05- мартындагы № 30 сандуу токтомун өзгөртүүсүз калтырып берүү жөнүндөгү сунушун угуп, айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жолдун боюндагы түтүкчөлөргө (крандарга) 100,0 (жүз) сомго жана үйдүн ичиндеги түтүкчөлөргө (крандарга) 150,0 ( жүз элүү) сомго тарифтерди жогорулатуу боюнча айылдык кеңештин 2022-жылдын 05- мартындагы № 30 сандуу токтому өзгөртүүсүз калтырылсын.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөайылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго)жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |