Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 34
Жайыт жерлеринин төлөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө
“Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировдун муниципиалдык ишкана болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, жайыт жерлерин башка максатта убактылуу пайдаланууга берүү үчүн төлөмдөрүнүн сотихин 100,0- сомго жогорулатып берүү жөнүндөгү сунушун угуп, айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү үчүн төлөмдөрү сотихине 100,0 (жүз) сомго жогорулатууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөайылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго)жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |