Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-марты № 36
Токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировдун муниципиалдык ишкана болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, айылдык кеңештин 2022-жылдын 15-февралындагы № 21 сандуу (потрава) боюнча токтомуна өзгөртүүлөрдү кара мал жана башка жандыктардын ээлерине кара мал, жылкыларга 1000,0 сомдон, кой эчкилерге 300,0 сомдон айып пул салуу жөнүндөгү сунушун угуп жана элдик жыйындардын протоколдору менен таанышып талкуулап чыгып, айылдык кеңештин регламентинин 32-главасынын 32.2 пунктуна таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара мал жана башка жандыктардын ээлерине кара мал, жылкыларга 1000,0 сомдон, кой эчкилерге 300,0 сомдон айып пул салууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөайылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго)жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |