Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) I уюштуруу отуруму
2024-жылдын 30-ноябры № 03
III Элдик Курултайды уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 «III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына жана Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечимине ылайык Куршаб айыл аймагында “Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу иштерин жүргүзүү жөнүндө” маселени Куршаб айылдык кеңеши (сегизинчи шайланган) I кезектүү отурумунда карап, талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Куршаб айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын катышуучуларынын жалпы саны 150 адамга бекитилсин.
2. Куршаб айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын өткөрүүдө төмөнкү бөлүктөргө бөлүнсүн: Куршаб – 1, Куршаб-2, Куршаб-3, Куршаб-4, Шагым а, Эрдик а.
3. Куршаб айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги тиркеме ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
4. Куршаб айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын өткөрүүдө төмөнкү депутаттар жоопту болушсун: Суранбаев Айбек Куршаб –1, Талипов Каныбек Куршаб-2, Төрөгельдиев Атакул Куршаб-3, Джумаев Улугбек Куршаб-4, Аширов Бектурсун Шагым а, Ташибек уулу Кенжекозу Эрдик а.
5. Куршаб айыл аймагында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамы төмөндөгүлөрдөн бекитилсин:
1. Атчабаров Нурсултан- Куршаб айылдык кеңештин төрагасы
2. Сазанов Мамыр- айыл өкмөттүн башкы адиси
3. Түркбаев Үрүбай- айыл өкмөттүн адиси
4. Жеенбаев Максат - айыл өкмөттүн адиси
5. Осмонов Медер- айыл өкмөттүн адиси
6. Жолдошова Салима –айыл өкмөт стат. адиси
7. Маматов Бакыт- айыл өкмөттүн жер адиси
8. Абдыразакова Патма-айыл өкмөттүн киреше бөлүмүнүн адиси
9. Жумаев Байыш- депутат
10. Шерматова Аклай-депутат
11. Чолпонкулова Жумагүл-депутат
12. Турдубаев Момун- депутат
13. Токтобаев Айбек- Айылдык кеңештин жоопту катчысы
6. Ушул токтомдун аткаруу жагы III Элдик Курултайды уюштуруу боюнча
жумушчу топко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Турдубаев М. |
«Бекитемин»
Куршаб айылдык кеңештин
төрагасы ___________ Атчабаров Н.
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу айылдарында III Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган өкүлчүлүктүү жыйындардын графиги
№ | Айылдын аталышы | Датасы | Өткөрүлө турган жери |
1.Куршаб айылдык аймагы | |||
1 | Куршаб 1-айыл 35 делегат 10 аял/25 эркек | 2024-жылдын 4-декабры 10:00 | Куршаб а, Бектемиров орто мектеби |
2 | Куршаб 2-айыл 35 делегат 10 аял/25 эркек | 2024-жылдын 4-декабры 14:00 | Куршаб а, Ленин №5 орто мектеби |
3 | Куршаб 3-айыл 30 делегат 8 аял/22 эркек | 2024-жылдын 4-декабры 16:00 | Куршаб а, Токтогул орто мектеби, Поворот |
4 | Куршаб 4-айыл 30 делегат 8 аял/22 эркек | 2024-жылдын 5-декабры 10:00, 12:00 | Куршаб а, Маданият үйү, Шерматов/Орозбаев көч. |
5 | Шагым айылы 15 делегат 5 аял/10 эркек | 2024-жылдын 5-декабры 14:00 | Шагым а, Эрматов орто мектеби, Кызыл-Колот а, |
6 | Эрдик айылы 5 делегат 2 аял/3 эркек | 2024-жылдын 5-декабры 16:00 | Эрдик а, Эгемжаров орто мектеби |
| |||