Редакцияот 03.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз XXV сессиясы

 

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 

2024-жылдын 3-сентябры №25/5                                 

 

Араван районун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын IV-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV-кварталынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү  жөнүндө меселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,

   ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын  II-жарым жылдыгында айыл чарба багытындагы жерлердин салыгынын жоготууларын Республикалык бюджет тарабынан каржыланган 510,2 миң сом жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше  бөлүгүнүн өзгөрүүлөрү №1 тиркимеге карата  бекитилсин  (№ 1 тиркеме тиркелет).

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV-квартал ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөрүүлөрү  №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет).

3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV-квартал ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн беренелер боюнча жылдыруулары  №3 тиркемеге ылайык жылдырылсын  (№3 тиркеме тиркелет).

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                   А.Шерматов