Редакцияот 03.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2024-жылдын 3-сентябры №25/6                                       

 

 

Араван районун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын IV кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү  жөнүндө меселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталында жергиликтүү  бюджетинин кирешеси,  жыл башына бекитилген планга  карата өзгөртүүлөрү №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет).

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын IV кварталында жергиликтүү  бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумчасы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№2 тиркеме тиркелет).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                А.Шерматов