Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 3-сентябры №25/7
Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын М.Шерматов көчөсүнүн узундугу 500 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин алдындагы дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна ылайык дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө токтомуна ылайык Керме-Тоо айылдык Кеңешинин VII чакырылышынынкезексиз XXV сессиясынын отуруму маселени карап, талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы М.Шерматов көчөсүнүн узундугу 500 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн керектелүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын кароочу комиссиясынан суралсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын М.Шерматов көчөсүнүн узундугу 500 метр жерин капиталдык ондоодон өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) гранттын алкагында жалпы узундугу 500 метр жерге асфальт төшөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен салымы катары 2352,5 миң сом акча каражаты 2025-жылдагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2352,5 миң сом акчалай каражат ажыратылып берилсин.
3. Жогорудагы долбоорду ишке ашырууга тийиштүү болгон финансылык каражаттарды таап, мыйзам чегинде аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Шерматов