Загрузка документа…
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1/1
Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун
жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №1 протоколун жана маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 40-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29-ноябрындагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Абсатар уулу Мунарбек Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Керме-Тоо айылдык
кеңешине төрагалык
кылуучу Г.Т.Токторова