Загрузка документа…
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1/2
Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасынын
орун басарын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №1 протоколун жана маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 41-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
токтом кылат:
1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын ачык добуш берүүсүнүн негизинде көпчүлүк добушка ээ болгон Жунусова Абыдакан Тилебердиевна Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Керме-Тоо айылдык
кеңешинин төрагасы Абсатар уулу Мунарбек