Загрузка документа…
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1/3
Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын
курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 36-37-беренелерин жана кезектеги сессиянын №1 протоколун жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Керме-Тоо айылдык кеңешинде төмөндөгүдөй 5 (беш) туруктуу комиссия түзүлсүн:
- регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы;
- бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы;
- мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы;
- жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.
2. Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Керме-Тоо айылдык
кеңешинин төрагасы Абсатар уулу Мунарбек
Керме-Тоо айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын № 1/3 токтомунун №1-тиркемеси
Керме-Тоо айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын
төрагалары жана комиссия мүчөлөрү
1. Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы:
- Рахманбердиев Арзыбек - комиссиянын төрагасы;
- Атазова Калбү Карыбековна - комиссиянын мүчөсү;
- Адан уулу Акылбек - комиссиянын мүчөсү.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы:
- Орозов Жыргалбек Абдикаарович - комиссиянын төрагасы;
- Ариков Мирланбек Максудович - комиссиянын мүчөсү;
- Ахматов Нургазы Нурматович - комиссиянын мүчөсү;
- Ахматова Айгуль Нематовна - комиссиянын мүчөсү.
3. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы:
- Абдрасул уулу Шаирбек - комиссиянын төрагасы;
- Орозбаев Абсатар Мамасалиевич - комиссиянын мүчөсү;
- Мурзалиева Гүлмира Алымкуловна - комиссиянын мүчөсү;
- Аскарбай кызы Гулипа - комиссиянын мүчөсү;
- Эрмамат уулу Акылбек - комиссиянын мүчөсү.
4. Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы:
- Махаматмусаев Тынчтыкбек Махаматмусаевич - комиссиянын төрагасы;
- Матбекова Санавар Мырзаматовна - комиссиянын мүчөсү;
- Токторова Гулжамал Туташевна - комиссиянын мүчөсү.
5. Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы:
- Жолонов Чолпонбай Арапбаевич - комиссиянын төрагасы;
- Аматова Нурпери Карыбековна - комиссиянын мүчөсү;
- Ташматов Тынчтыкбек Момунжанович - комиссиянын мүчөсү
- Жамшитбек уулу Сапарбек - комиссиянын мүчөсү.
Керме-Тоо айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы Э.Назарбаев