Загрузка документа…
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1/4
Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын
курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгына жана III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык 2024-жылдын 20-21-декабрында Бишкек шаарында өтүүчү III Элдик Курултайга Керме-Тоо айыл өкмөтүнөн делегаттарды шайлоо максатында, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 61-62-беренелерин жетекчиликке алып,
токтом кылат:
1. III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10:00 гө чакырылсын. Кезектеги Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гулбаар айылындагы №48 “Гүлбаар” орто мектебинин жыйындар залында өткөрүлсүн.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүндө Элдик Курултайды уюштуруу боюнча иш-чаралар планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана бекитилген иш-чаралар планына ылайык тийиштүү иш алып барылсын.
3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоо үчүн айылдарда жыйындарды өткөрүү графиги жана айылдык кеңештин жооптуу депутаттары №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн айылдарында 2024-жылдын 7-декабрында өткөрүлүүчү өкүлчүлүктүү жыйынга квота боюнча 100 катышуучунун санын айылдарга бөлүнүшү№3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн айылдарында кезектеги III Элдик Курултайга катышуучу делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Керме-Тоо айыл өкмөтүндө кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ жана айылдык кеңештин жооптуу депутаттары айылдарда өтүүчү жыйындарды өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылышсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |