Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 30-деабры № 3/2
Тилектеш айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууну токтотуу жөнүндө
Тилектеш айыл аймагындагы айыл тургундарынын сунушун угуп жана талкуулап Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Тилектеш айыл аймагында спирт ичимдиктерин (арак, вино, пиво, коньяк жана башкалар) 2024-жылдын 30-декабрынан баштап мыйзамсыз сатууга тыюу салынсын.
2. Спирт ичимдигине тыюу салынгандан кийин спирт ичимдиктерди жашыруун мыйзамсыз саткан атуулдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.12.2018-ж. № 603 токтому менен бекитилген “Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун” негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар белгиленсин.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып, аткаруу жагы айыл өкмөтүнун башчысы К.Мусабаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |