Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
III сессиясы
2024-жылдын 30-деабры № 3/4
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө Тилектеш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мөөнөтү бүтүп, башкадан курам түзүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл аймагында өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколунун негизинде комиссия курамына көрсөтүлгөн талапкерлер депутаттардын колдоосу менен төмөндөгү талапкерлер бекитилсин:
- Жумаева Гүлбурак Алимжановна –Осоавиахим айылынын тургуну,
- Арынбек уулу Эламан –Осоавиахим айылынын тургуну,
- Аширова Гүлмира Абдакимовна –Биринчи Май айылынын тургуну,
- Чынтемир уулу Эламан –Коммунизм айылынын тургуну,
- Жакыпов Болуш Маматкалыкович –Тогуз-Булак айылынын тургуну,
2.Участкалык шайлоо комисиясына мүчөлүккө талапкерлердин өздүк документтери Алай аймактык шайлоо комиссиясына өз учурунда тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | К.Төрөшев |