Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4/1
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын ичинде аткарган иштери жөнүндө
2024-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жөнүндөгү Тилектеш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевдин маалыматы сын-сунуштарды эске алуу менен “канааттандырарлык” деп табылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, Чет Элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |