Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4/2
Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2025-2029-жылдарга карата өнүгүү планын бекитүүнү карап,талкуулап Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2.Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2025-2029-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн экономист-статисти Ж.Абдырахмановага тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |