Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4/3
Тилектеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга аткарылышынын маалыматы, 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2026-2027-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнө ылайык бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, талкуулап Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү- теңдештирүүчү трансферт 25973,7(жыйырма беш миллион тогуз жүз жетимиш үч миң жети жүз ) миң сом, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 3174,0 (үч миллион бир жүз жетимиш төрт миң) миң сом, өткөн жылдан калган калдык 1281,5(бир миллион эки жүз сексен бир миң беш жүз) миң сом, өздүк киреше 26238,8 (жыйырма алты миллион эки жүз отуз сегиз миң сегиз жүз) миң сом (анын ичинде атайын каражат 3230,0(үч миллион эки жүз отуз миң) миң сом) жана чыгаша бөлүгү 56668,0(элүү алты миллион алты жүз алтымыш сегиз миң) миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Тилектеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 44254,2 (кырк төрт миллион эки жүз элүү төрт миң эки жүз) мин сомго, анын ичинде теңдештирүүчү трансферт 26354,6 (жыйырма алты миллион үч жүз элүү төрт миң алты жүз) миң сом жана өздүк киреше 17899,6 (он жети миллион сегиз жүз токсон тогуз миң алты жүз) миң сомго (анын ичинде атайын каражат 2123,8 (эки миллион бир жүз жыйырма үч миң сегиз жүз) миң сомго) бекитилсин.
3. Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы - 45741,0(кырк беш миллион жети жүз кырк бир миң) миң сом, анын ичинен өздүк киреше – 19386,4 (он тогуз миллион үч жүз сексен алты миң төрт жүз) миң сомго, теңдештирүүчү трансферт 26354,6 (жыйырма алты миллион үч жүз элүү төрт миң алты жүз миң) миң сомго жана атайын каражат -2123,8(эки миллион бир жүз жыйырма үч миң сегиз жүз) миң сомго бекитилсин.
4. 2027-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 47614,0 (кырк жети миллион алты жүз он төрт миң) миң сомго анын ичинен өздүк киреше 21259,4(жыйырма бир миллион эки жүз элүү тогуз миң төрт жүз) (атайын каражат ичинде) теңдөөчү грант 26354,6 (жыйырма алты миллион үч жүз элүү төрт миң алты жүз) миң сомго, атайын каражаттар 2123,8 (эки миллион бир жүз жыйырма үч миң сегиз жүз) миң сомго болжолдуу бекитилсин.
5. Корголгон беренелердин (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, салык жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин, ал эми аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |