Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4/3
Тилектеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин өздүк кирешесине 15245,1 мин сом, анын ичинен 420,4 мин сом(атайын каражат ичинде) калган калдык акча каражатын 2025-жылдын бюджетине бекитүү жөнүндө
Тилектеш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын ушул жылдын бюджетине иштетүү боюнча Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мусабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылдан пайдаланылбай калган 15245,4 мин сом акча каражатын (420,4 мин сом атайын каражат ичинде)2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2.Айылдык кеңештин сессиясында талкууланган 2025-жылдын 1-январына карата 2024-жылда пайдаланылбай калган 15245,4 мин сом ( анын ичинде 420,0 мин сом атайын каражат) акча каражаты 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча план киргизип берүү жагы Кыргыз Республиткасынын финансы Министрлигинин Алай райондук башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, салык жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин, ал эми аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге жана финансы-экономика бөлүмунун башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |