Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4/5
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттардын уставдарын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Тилектеш айылдык кеңешнин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттардын уставдарын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү менен айыл өкмөттө аткарууга алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын негизинде жергиликтүү жамааттардын уставдарын белгилеген тартипте иштеп чыгууда жана кабыл алууда, мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктарын жана ушул Типтүү уставды жетекчиликке алуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү, жергиликтүү жамааттардын жаңы кабыл алынган уставдарынын турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Б.Болушовага милдеттендирилсин.
5.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | К.Төрөшев |