Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4/6
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндөгү” №233 токтомуна жана №153 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн Регламенти бекитилсин.
2. Тилектеш айыл өкмөтүнө караштуу бардык мекемелерге бекитилген регламентти жетекчиликке алуу жеткирилсин.
3.Регламенттин Жоболору менен кынтыксыз иш алып барууну уюштуруу Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге жана орун басар-жооптуу катчысы Г.Мадаевге жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |