Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4/7
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт төлөмдөрүнүн тарифин 2025-жылга карата бекитүү жөнүндө
“Тунук-Булак–таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Иманахуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайыт төлөмдөрүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн бюджети Корул аймагында 250,0 (эки жүз элүү миң) сомго, Жошолу аймагында 300,0 (үч жүз миң) сомго, жалпысынан 550,0 (беш жүз элүү миң) сомго бекитилсин жана жайыт төлөмдөрү ар бир уйга 60 (алтымыш) сомдон, жылкыга 70 (жетимиш) сомдон, ал эми кой-эчкиге 20 (жыйырма) сомдон, ошондой эле сырттан келген бодо малга 250 (эки жүз элүү) сомдон, ал эми кой-эчкиге 100(жүз) сомдон бекитилсин.
2.Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
3.Малдын жана үй канаттууларынын санын тактоодо айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамына жайыт боюнча иш жүргүзүүчү адис, айыл башчылар, ветеринардык адистер жана айылдык кенештин депутаттары киргизилсин, алар тарабынан ар бир үйгө кирип, мал жандыктарды саноо так саналсын.
4.Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл башчыларга жана ветеринардык адистерге , ошондой эле жайыт төлөмдөрү боюнча иш алып баруучу кызматкерге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |