Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз экинчи отуруму
2024-жылдын 21-августу № 42
Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы С.Халиловдун Жекенди айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келген атуулдарыбыз Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Колдошов Жээнбек Исламовичке, Кара-Мык Чек ара заставасынын начальниги Алайдинов Улукбек Алайдиновичке, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нышанбаев Болотбек Нуриллаевичке жана билим берүүнүн ардагери Калилов Кубанычбек Сүйүндуковичти Жекенди айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:
1.Жекенди айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын:
1. Колдошов Жээнбек Истамович -Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы
2.Алайдинов Улукбек Алайдинович -Кара-Мык чек ара заставасынын начальниги
3.Нышанбаев Болотбек Нуриллаевич -Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы
4.Калилов Кубанычбек Сүйүндүкович - Билим берүүнүн ардагери
5.Мамражап уулу Медетбек -Чоң-Алай филиалдын жерге жайгаштыруу
жана кадастрдык сүрөткө тартуу боюнча адиси
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ө.Абдрахмановага жүктөлсүн.
Төрага | С. Халилов |