Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 13-январы № 4/8
Райондук, областтык олимпиадаларга катышууга жана жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 баллдан жогору балл алган окуучуларга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагындагы мектептердин мыкты окуучуларына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айылдык кенештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Орозалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Билим берүү тармагында окуучуларга инновациялык билим берүү, алдынкы билим сапатына ээ болуу, окуучулардын райондук, областтык олимпиадаларга катышууга жана жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 дөн жогору балл алган окуучуларга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 20 000 (жыйырма мин) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге милдеттендирилсин.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, тамагын уюштурууда бардык нормалардын сактоо жана азык-түлүктүн сапаттуулугуна көңүл буруу, ашканада балдарга тамак берилүүчү жайлардын абалын санитардык-гигиеналык жактан колго алуу жагы бала бакчалардын жетекчилерине тапшырылсын жана аларды көзөмөлгө алуу айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Төрөшев |