Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз экинчи отуруму
2024-жылдын 21-августу № 43
Жекенди айылдык аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак ашы үчүн төлөнүүчү акыны бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренсинин 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2024-жылдын август айынан баштап каржылоо ата-энелер тарабынан жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, ата-энелердин балдардын тамак-ашы үчүн төлөнүүчү бир айлык акысы 1000 (миң) сом өлчөмүндө болуусу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүүчү бир айлык акы 1000 (миң) сом өлчөмүндө болуп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана башкы бухгалтер Б.Акуновго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллого жүктөлсүн.
Төрага | С. Халилов |