Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 5/1
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коэффициентти бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” №4 мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнө мүлк салыгы киргизилсин жана токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды жыйноо Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
2.Айыл аймагында турак жайга мүлк салыгын эсептөө үчүн салыктын ставкасы 8,5 болуп эсептелсин.
3.Тилектеш айыл аймагында мүлк салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициентти КЗ- 1,0 болуп бекитилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына жана салык кызматкери К.Төлөнбай уулуна милдеттендирилсин.
5.Көзөмөлдөө жагы бюджет, салык жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |