Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз экинчи отуруму
2024-жылдын 21-августу № 44
Кара-Мык айылындагы бала бакчанын аянтына КТП курууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылында жаңы курулган бала бакчага Самидинов Сагынбай Юнусалиевичтин макулдугу менен берилген 5-07-03-1002-0789 идентификациялык кодду менен катталган жеке менчик жеринин ичинен 0,01 га аянтына КТП курууга уруксат берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөт башчысы Б.Нышанбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылында жаңы курулган бала бакчага Самидинов Сагынбай Юнусалиевичтин 5-07-03-1002-0789 идентификациялык кодду менен катталган жеке менчик жеринин ичинен 0,01 га аянтына КТП курууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
Төрага | С. Халилов |