Загрузка документа…
ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 5/2
«Тунук-Булак –таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасына тиешелүү болгон техникалардын элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн «Тунук-Булак –таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Иманахуновдун элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифин бекитүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Тилектеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тилектеш айыл өкмөтүнүн алдындагы «Тунук-Булак –таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасынын техникалары муниципалдык ишкананын балансына кабыл алынсын.
2. Механизаторлордун укугу жана милдети түзүлгөн келишимге ылайык бекитилсин жана механизаторлорго бекитилген талаптарга ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет).
3. Муниципалдык ишканага таандык болгон техникалардын элге кызмат көрсөтүүдөгү тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Погрузчик 1 мото саат иштесе 4000 сом,
- Эксковатор 1 мото саат иштесе 3500 сом
- Перегондору -500 сомдон
- Камаз -200 кмге иштесе 9500 сом,
4. Айыл өкмөт башчысынын жана муниципалдык ишкананын уруксаты менен айыл өкмөткө тиешелүү жумуш болбогон бош убакытта техника айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусу боюнча буюртмаларды аткарууга чыгарылсын.
5. Айылдык кеңешке квартал сайын техниканын аткарган иши боюнча отчет берип туруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчисине жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Төрөшев |