Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү отуруму
2024-жылдын 11-сентябры № 46
Жекенди айылындагы спортзалдын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн акча каражатын кароо жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылындагы спортзалды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз үчүнчү сессиясы токтом кылат:
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылындагы спортзалды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2.Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы спортзалды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 750 010 (бир миллион жети жүз элүү миң он) сом акча каражаты каралсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллого жүктөлсүн..
Төрага | С. Халилов |