Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү отуруму
2024-жылдын 11-сентябры № 47
Шибээ айылындагы Кызыл-Жар көчөсүнө түнкү жарыктандырууну куруу үчүн акча каражатын кароо жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Шибээ айылындагы Кызыл-Жар көчөсүнө түнкү жарыктандырууну куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы токтом кылат:
1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Шибээ айылындагы Кызыл-Жар көчөсүнө түнкү жарыктандырууну куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2.Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылындагы Кызыл-Жар көчөсүнө түнкү жарыктандырууну куруу үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 845 590 (бир миллион сегиз жүз кырк беш миң беш жүз токсон) сом акча каражаты каралсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллого жүктөлсүн.
Төрага | С. Халилов |