Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү отуруму
2024-жылдын 11-сентябры № 50
“Береке” муниципалдык ишканасына экскавартор алууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин “Береке” муниципалдык ишканасына экскаватор алууга уруксат берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз үчүнчү сессиясы токтом кылат:
1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин “Береке” муниципалдык ишканасына экскаватор алууга уруксат берүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу “Береке” муниципалдык ишканасына экскаватор алууга уруксат берилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллого жүктөлсүн.
Төрага | С. Халилов |