Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги биринчи отуруму
2024-жылдын 28-ноябры № 1
Жекенди айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын Жекенди айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Жекенди айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Жекенди айылдык кеңештин төрагасына болуп Мурзапар уулу Назирилло шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Мурзапар уулу Н |
Жекенди айылдык кенештин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3-протоколу
28.11. 2024-жыл Кара-Мык айылы
Катышышты:
Эсептөө комиссиясынын торагасы -Убраимова Сабира
Эсептөө комиссиясынын катчысы -Калыкова Сайкал
Эсептөө комиссиясынын мүчолорү -Эшмаматов Бекмамат
Күн тартиби:
1.Жекенди айылдык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы Убраимова Сабира
күн тартиби, Жекенди айылдык кенештин төрагасын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Жекенди айылдык кенештин төрагасынын кызматына төмөндөгү 2 талапкерлер сунушталган :
1. Зикир уулу Мухамаддыкан
2. Мурзапар уулу Назирилло
Жекенди айылдык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Жекенди айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны -21 (жыйырма бир)
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны – 21(жыйырма бир)
3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны -20 (жыйырма)
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны -20 (жыйырма)
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма)
6. Добуш берүү учүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма)
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны- 20 (жыйырма)
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма)
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1. Зикир уулу Мухаммаддыкан - 3 (үч ) добуш.
2. Мурзапар уулу Назирилло -17 (он жети) добуш.
Жекенди айылдык кенештин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Мурзапар уулу Назирилло Жекенди айылдык кенешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Жекенди айылдык кенештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы С.Убраимова
Эсептөө комиссиясынын катчысы С.Калыкова