Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги биринчи отуруму
2024-жылдын 28-ноябры № 2
Жекенди айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Жекенди айылдык кеңештин төрагасыннын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.
2. Жекенди айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Жунусалиев Кылычбек Жанибекович шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Мурзапар уулу Н |
Жекенди айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколу
28.11.2024-жыл Кара-Мык айыл
Катышышты:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы С.Убраимова
Эсептөө комиссиясынын катчысы С.Калыкова
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү Б.Эшмаматов
Күн тартиби:
1.Жекенди айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Убраимова Сабира күн тартиби, Жекенди айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Жекенди айылдык кенештин төрагасынын орун басары кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
Жекенди айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Жекенди айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны -21(жыйырма бир)
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны- 21 (жыйырма бир).
3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны-20 (жыйырма).
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма).
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны- 1 (бир).
6. Добуш берүү үчүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма)
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны-20 (жыйырма).
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны- 0 .
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1. Жаныбек уулу Кылычбек - 20 ( жыйырма) добуш.
Жекенди айылдык кенештин төрагасынын орун басары кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Жаныбек уулу Кылычбек Жекенди айылдык кенештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Жекенди айылдык кенештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы С.Убраимова
Эсептөө комиссиясынын катчысы С.Калыкова