Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1/2
Кара –Кулжа айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө
комиссиясынын курамынын төрагасын, катчысын, мүчөсүн бекитүү, иш милдеттерин бөлүштүрүү жана шайлоо бюллетенинин үлгүсүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алып, Эсептөө комиссиясынын курамынын 28-ноябрь 2024-жылдагы №1-протоколу жана №2-протоколу жөнүндө Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара –Кулжа айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясы 3 (үч) сандык курамы бекитилсин.
2.Кара –Кулжа айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын төрайымына айылдык кенештин депутаты Абдилкадыр уулу Биймырза эсептөө комиссиясынын катчысына айылдык кенештин депутаты Орозбаева Жыргалбү жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө айылдык кенештин депутаты Эрмекбаев Байдөөлөт бекитилсин.
3.Эсептөө комиссиясынын төрагасын шайлоо боюнча жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.
4.Кара –Кулжа айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнчашайлоо бюллетенинин үлгүсү бекитилсин.
5.Кара –Кулжа айылдык кенешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин жаш курагы улуу депутаты: | Б. Саипов |