Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1/4
Кара-Кулжа айыл аймагында III Курултайды өткөрүүнү камсыздоо, жергиликтүү курултайдын өкүлдөрүн шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүнүн тартибин жана жооптуу айылдык кенештин депутаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 29-август 2023-жыл № 215 “Элдик Курултай жөнүндөгү” Жарлыгы менен бекитилген Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо, ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндөгү убактылуу жобосунун 2-бөлүмүнүн, 5-11-12- бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан 1-Май айылынан 40 (кырк), Кара-Кулжа айылынан 75 (жетимиш беш), Биймырза айылынан 30 (отуз) жана Сары-Камыш айылынан 5 (беш) жалпысынан 150 (жүз элүү) жергиликтүү курултайдын өкүлдөрүн шайлоо белгиленсин.
2.Жергиликтүү курултайдын өкүлдөрүн шайлоо боюнча чогулуштар жана жыйындар 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 10-00 убакытта 1-Май, Биймырза, Сары-Камыш айылында өткөрүү жана 2024-жылдын 5 декабрь күнү саат 10-00 убакытта Кара-Кулжа айылында өткөрүү бекитилсин.
3.Жергиликтүү курултайдын өкүлдөрүн шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кенештин депутаттары Сары-Камыш айылы боюнча жыйындын төрагасы К.Расулова, А.Ибраимов, Биймырза айылы боюнча жыйындын төрагасы Абдилкадыр уулу Биймырза, А.Атабаева, Мойдун уулу Самат, Сабытбек уулу Түгөлбай, Т. Топчубаева, 1-Май айылы боюнча (1-Май шайлоо округу) жыйындын төрагасы Абдрахман уулу Байсалбек И.Орозмаматов, А. Ормокеев, А.Сүйүнбекова, Ж.Орозбаева, 1-Май айылы боюнча (Миң-Өрүк шайлоо округу) жыйындын төрагасы Д.Айдарбеков, А.Бөрүбаев, Г.Алибекова, Кара-Кулжа айылы боюнча (Кара-Кулжа шайлоо округу) жыйындын төрагасы М.Жуманазарова, Абдирашим уулу Маликбек , Аким уулу Асан, А. Аскарова, А.Тиленбаев жана Б.Эрмекбаев, Кара-Кулжа айылы боюнча (Совет шайлоо округу) жыйындын төрагасы З.Нурматов, Альберт уулу Исхак, З.Маматкадырова, Д.Кадыров, Э. Пазыловжана Ж.Токтосунов, Кара-Кулжа айылы боюнча (Беш-Жар шайлоо округу) жыйындын төрагасы Б.Койбагарова, О.Токторбаева, К.Төрөгелдиев жана И.Шаматовбекитилсин.
4.Жергиликтүү курултайдын өкүлдөрүн шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө жергиликтүү тургандарга маалымдоо жана жыйын өткөрүүлүүчү жайды даярдоо жагы жумушчу курамга жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.А.Ормокеев |