Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1/6
Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев атындагы көчөсүндө жайгашкан Р.Абдыкадыров атындагы райондук маданыят үйүнүн көрүүчүлөр залын оңдоодон өткөрүү жана жылулуулук менен камсыздоо багытындагы долбоорлорду колдоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 25. 11. 2024-жылдагы № 2 / 1141 “Кара-Кулжа айыл аймагында социалдык шарттарды жакшыртуу багытындагыдолбоорлорду турмушка ашыруу жөнүндөгү” өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев атындагы көчөсүндө жайгашкан Р.Абдыкадыров атындагы райондук маданыят үйүнүн көрүүчүлөр залын оңдоодон өткөрүү жана жылулуулук менен камсыздоо багытындагы долбоор жактырылсын.
2. Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев атындагы көчөсүндө жайгашкан Р.Абдыкадыров атындагы райондук маданыят үйүнүн көрүүчүлөр залын оңдоодон өткөрүү жана жылулуулук менен камсыздоогоайыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1.000.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Долбоорду колдоп берүү жагы Кара-Кулжа районунун түрткү берүүчү үлүштүк грант боюнча комиссиясынын курамынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Ормокеев |