Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1/7
Сары-Камыш айылында жайгашкан К.Ормокеев атындагы орто мектебине ачык кичи футбол аянтчасын куруу багытындагы долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 25. 11. 2024-жылдагы № 2 / 1141 “Кара-Кулжа айыл аймагында социалдык шарттарды жакшыртуу багытындагыдолбоорлорду турмушка ашыруу жөнүндөгү” өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Камыш айылында жайгашкан К.Ормокеев атындагы орто мектебине ачык кичи футбол аянтчасын куруу багытындагыдолбоор жактырылсын.
2. Сары-Камыш айылында жайгашкан К.Ормокеев атындагы орто мектебине ачык кичи футбол аянтчасын куруу багытындагыдолбоорду колдоого айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 2.314.236 сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
3.Долбоорду колдоп берүү жагы Кара-Кулжа районунун түрткү берүүчү үлүштүк грант боюнча комиссиясынын курамынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Ормокеев |