Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 04-февралы № 4/1
Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджеттин бекитүү жөнүндө.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «2025-жылга карата Кара -Кочкор айыл аймагынын бюджеттин бекитүү жөнүндө» Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Раджапованын маалыматын жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджеттинин кирешелер бөлүгү 54 952 700 сомго жана чыгашалар бөлүгү 54 952 700 сомго долбоору бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айыл аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн, баалардын инфляциясынын деңгээлине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовко жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |