Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 04-февралы № 4/2
Кара-Кочкор таза суу боюнча тарифтерин, кызматчылардын штаттык бирдигин, 2025-жылга түзүлгөн сметасын бекитүү жана 2024-жылдын финансалык отчетуулугунун жыйынтыгы менен пайда болгон чыгашасын Кара-Кочкор айыл өкмөтү тарабынан каржыланган акча каражатынын эсебинен жоюу жөнүндө.
Кара-Кочкор “Таза суу” муниципалдык ишканасынын таза суу боюнча тарифтерин, кызматчылардын штаттык бирдигин, 2025-жылга түзүлгөн сметасын бекитүү жана 2024-жылдын финансылык отчеттуулугунун жыйынтыгы менен пайда болгон чыгашасын Кара-Кочкор айыл өкмөтү тарабынан каржыланган акча каражатынын эсебинен жоюу жөнүндөгү “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Осмон уулу Нуралынын 04.02.2025-жылдагы маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айылынын элдик жыйынынын чечими менен “Таза суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана калкка кызмат көрсөтүүдөгү ставкасы:
- көчөдөн пайдаланган бир түтүнгө - 100 сомго,
- короосунан пайдаланган бир түтүнгө - 150 сомго,
- суу түтүгүн кароосуна киргизүүгө уруксат берүү жана кызмат көрсөтүү боюнча – 1000 сомго бекитилсин.
2.Ишкананын жумушчу кызматкерлеринин штаттык бирдигин түзүлгөн штаттык бирдигинин негизинде бекитилсин.
3.Ишкананын 2025-жылдык сметасын түзүлгөн жылдык сметанын жыйынтыгы боюнча бекитилсин.
4.Ишкананын 2024-жылдын жыйынтыгы менен пайда болгон 1 498 728 сом чыгашасын Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан каржыланган 2 851 566 сомдун эсебинен жабылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор “Таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Осмон уулу Нуралыга жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |