Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 04-февралы № 4/4
Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 20.01.2025-жылдагы № 01-4/17 чыгуу санындагы катына ылайык Турак жайга же мүлк салыгынын базалык салык наркын 2025-2026-2027-жылдарга бекитип берүү жөнүндө.
МСКнын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-380-беренелерине өзгөртүү кирип жаткандыгына жана 2025-жылдын план тапшырмасын аткарууда тоскоолдуктарды болтурбоо максатында турак жайга же мүлк салыгынын базалык салык наркын бекитип берүү жөнүндөгү ага салыкчы Т.Эрмековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор айыл аймагы боюнча Турак жайга же мүлк салыгынын базалык салыктык наркы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
№ | Дубалдардын материалдары | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Базалык наркы, сом |
1 | Кыш | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жыл | 15 14 13 12 10 |
2 | Жыгач | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жыл | 13 12 11 10 8 |
3 | Курама же монолиттүү бетон, темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор. пеноблоктор, айнек, сендивич - панел | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жыл | 14 13 12 11 10 |
4 | Чийки топо (саман, гуваляк,сокмо) | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жыл | 10 9 8 6 5 |
5 | Шлакоблок, полистролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 | 9 8 7 6 5 |
6 | Металл | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан | 10 |
7 | Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | Эксплуатациялоо мөөнөтүнө карабастан | 8 |
2. Кара-Кочкор айыл аймагы боюнча таштанды жыйымынын мекеме ишканаларга бир жашоочуга, ал эми коомдук тамактануу жайларга , соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жана башка коммерциялык багыттагы жайларга курулуштун бир чарчы метр аянтына ставкасынын наркы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
№ | Кв.метрге чейин | Ставка | Сумма |
1 | 20 | 100 | 2000 |
2 | 50 | 60 | 3000 |
3 | 100 | 40 | 4000 |
4 | 150 | 30 | 4500 |
5 | 300 | 20 | 6000 |
6 | 500 | 15 | 7500 |
7 | 800 (чейин жана жогору) | 10 | 8000 |
3. Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 75-76- беренелеринин негизинде таштанды ташып чыгаруу жыйымынын өлчөмү 2025-жылдын 1-январынан мекеме-уюмдарда иштеген жумушчуларга ставка 100 сомдон бекитилсин. Төлөө мөөнөтү учурдагы жылдын 1-сентябрына белгиленсин.
4. Бекитилген жаңы базалык салыктык нарк боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, 2025-жылдын план тапшырмасын аткарууну камсыз кылуу жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ага салыкчысы Т.Эрмековго жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |