Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/26
Баетов айыл аймагындагы инвентаризациядан өткөн арык каналдарды муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 токтомунун негизинде инвентаризация аркылуу такталган төмөндөгү арык каналдар Баетов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
Баетов 22,0 км – (Туура-Арык, Чек Сай, Как-Көл, Кара-Чий, Тик-Таш, Тик-Таш1, Кош-Сарай, Тик-Таш2, Ичке-Суу, Тегирмендин ичи, Тик-Таш ЛР-60)
Терек 22 км 730 м – (7-квартал, Сооронбай, БСР Чодура Коо, Р1, Р2, Р3, Обьединительный, Бейиттин асты). Үгүт 13,500 км (Питомник, Нарын-Арык, Карды-Жарык, Мыкаачы)
Байгөнчөк 6 км (Чоң-Алыш).
Жалпы каналдар 64,230 км
2. Баетов айыл аймагындагы Баетов, Терек, Үгүт, Байгөнчөк айылдарына тиешелүү арык каналдарга баалоо жүргүзүү жалпы 64,230 км арык каналдардын, 2 БСР (Чодура-Коо, Кара-Суу), документтери менен камсыздоо жагы Баетов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Тийиштүү мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин Баетов айыл аймагындагы Баетов 22,0 км, Үгүт 13,500 км, Терек 22 км 730 м, Байгөнчөк 6 км айылдарына тиешелүү жалпы 64,230 км арык каналдар Кыргыз Республикасынын айыл,суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын менчигине өткөрүлүп берилсин.
4. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Азимжанов |