Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/27
Баетов айыл аймагынын Терек айылынын Молдобасан көчөсүндө бош жаткан 5 сотых жер аянтын Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алууга жана намазкана куруугу макулдук берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын Терек айылынын Молдобасан көчөсүндө жайгашкан 4-01-07-1001-0285 жана 4-01-07-1001-0168 идентификациялык коддору менен чектешкен бош жаткан 500м2 жер аянтын Баетов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алынгандан кийин намазкана курууга макулдук берилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Азимжанов |