Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
2024-жылдын 26-июлу №14-1
Байзак айыл өкмөтүнө сатылып алынган жаңы техникалардын
(эксковатор, миксир) тарифин бекитүү жөнүндө.
Байзак айыл өкмөтүнө сатылып алынган жаңы техникалардын (эксковатор, миксир) тарифтерин бекитүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтү Б.Женалиевдин жана “Байзак-Дыйкан” муниципалдык ишканасынын директору Т.Орозалиевдин сунушун карап талкуулап, Байзак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат.
1. Байзак айыл өкмөтүнө сатылып алынган жаңы техникалардын (эксковатор, миксир) тарифтери төмөндөгүдөй бекитлсин.
-Миксирдин 1 (бир) куб бетонду куюга болгон тарифи Байзак айылынын тургундары үчүн 1000(бир миң) сомдон бекитилсин, ал эми сырткары кардарларга 1200 (бир миң эки жүз) сомдон бекитилсин.
-Эксковатордун 1(бир) чарчы метр жерди казууга болгон тарифи Байзак айылынын тургундары үчүн 350 (үч жүз элүү) сомдон бекитилсин, ал эми сырткары кардарларга 500 (беш жүз) сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин
Төрайым | Т. Т. Акматова |