Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
2024-жылдын 26-июлу №14-2
Байзак айыл аймагындагы “Кайырма-Дыйкан” муниципалдык ишканасына лицензия менен иштегенге макулдук берүү жөнүндө
“Кайырма-Дыйкан” муниципалдык ишканасына лицензия менен иштегенге жана “Кайырма-Дыйкан” муниципалдык ишканасынын жобосуна лицензия менен иштей турган иштерин кошуп бекитүүгө макулдук берүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевдин сунушун карап жана талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат.
1. Байзак айыл аймагындагы “Кайырма-Дыйкан” муниципалдык ишканасына лицензияда көрсөтүлгөн жумуштар менен иштегенге макулдук берилсин.
2. “Кайырма-Дыйкан” муниципалдык ишканасынын жобосуна лицензия менен иштей турган иштерин кошуп бекитүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Т. Акматова |