Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
2024-жылдын 26-июлу №14-4
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө
Байзак айыл өкмөтүнүн иш чаралары боюнча 2024-жылдын 26-июлундагы №7 протоколунун негизинде Байзак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү боюнча Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевдин жана Байзак айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Байзак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө жалпы 9204,5 миң сом кошумча план киргизилсин.
– Салык тѳлѳѳчүлѳрдүн Киреше салыгынын планына 2 000 000 (эки миллион) сом,
- Кыймылсыз мүлк салыгына 5 100 (Беш мин бир жүз) сом,
- Айыл багытындагы эмес жерлер салыгынын планына 755 000 (жети жүз элүү беш мин) сом,
– роялти (кѳмүр) салыгына 500 000 (беш жуз мин) сом,
– лицензия кармаган ишканалардын тѳлѳмүнүн планына (ПУЛ) 770 000 (Жети жүз жетимиш мин) сом,
– Жайыт жерлерин пайдалануу тѳлѳмүнүн планына 751 000 (жети жүз элүү бир мин) сом,
- Ата-энелер тѳлѳмдѳрүнүн планына 1 033 400 (Бир миллион отуз үч мин тѳрт жүз) сом,
– Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр тѳлѳмдѳрү планына 1 490 000 (Бир миллион тѳрт жүз токсон мин) сом,
- Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны ѳнүктүрүү үчүн тѳлѳмдѳр планына кошумча 2 000 000 (эки миллион) сом,
1. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин кошумча планда белгиленген каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнсүн
· 1033400 сом Балдар бакчаларынын тамак-аш азыктарына, (Балдар бакчаларына)
· 984838 сом Байзак айыл аймагынын Байзак жана Баш-Кууганды айылдарынын көчөлөрүн күн панелдери менен жарыктандырууга (Муниципалдык ишканага)
· 751000 сом Жайыт комитетине башка чыгымдарга (Жайыт комитетине)
· 500 000 сом Таш-1 каналынын курулушун аягына чыгарууга (АУПка)
· 148 000 сом Баш-Кууганды соц обьектилердин жылуулук системасы (Стим грант) (АУПка)
· 1 116 170 сом Баш-Кууганды соц обьектилердин жылуулук системасына кошумча смета (АУПка)
· 700 000 сом курулуштардын, капиталдык оңдоо иштеринин сметаларын, долбоорлордун иш кагаздарын иштеп чыгуу үчүн (АУПка)
· 450 000 сом Спорт залдын курулушуна керектүү иш кагаздарын кайра жаңыртып бүткѳрүүгѳ, (АУПка)
· 200 000 сом Кайырма-Арык каналынын курулушунун иш-кагаздарын даярдоого, (АУПка)
· 500 000 сом Байзак айыл аймагында жайгашкан БСРлердин, каналдардын китептин алуу үчүн иш кагазарын даярдоо жана алууга (муниципалдык ишканага)
· 150 000 сом Жумгал РЭСтин балансасына ѳткѳрүлѳ элек ТПларды тактоо жана ѳткѳрүү үчүн иш кагаздарын бүткѳрүүгѳ , (АУПка)
· 70 000 сом Жумгал РЭти тарабынан №1 биригададагы кичи футбол аятчасына уруксаатсыз кошулган электр энергиясына түзүлгѳн АКТ үчүн, (АУПка)
· 50 000 сом Айыл аймагындагы кичи футбол жана муз аянтчаларына жарыктандыруусу үчүн РЭСтен техникалык шарттарды алууга, (АУПка)
· 99 408 сом Айыл ѳкмѳттүн имаратынын айлана тегерегинин ремонтунун кошумча аткарылып жаткан иштеринин сметасы үчүн
· 200 000 сом Айыл ѳкмѳттүн резервдик фондуна (АУПка)
· 1 500 000 сом Комбайнга кошумча (лизинг үчүн)
· 300 000 сом башка чыгымдарга
· 291 692 сом Компенсация бѳлүмүнѳ (жардамга муктаждар )
· 160 000 сом Айыл башчысынын АУТБЕК автоунаасынын ремонту үчүн
2. Бул каражатты каралган багыттарга жараша киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын түзүп Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал башкармалыгына тапшыруу жана каражатты максатуу пайдалануу Байзак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин
Төрайым | Т. Т. Акматова |