Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIV- сессиясы
2024-жылдын 26-июлу №14-5
Байзак айыл аймагындагы “Кайырма Дыйкан” муниципалдык ишканасынын алдындагы “Көлмө” ИСКАКБынын таза сууга болгон тарифи бекитүү жөнүндө.
Байзак айыл аймагындагы “Кайырма-Дыйкан” муниципалдык ишканасынын директору Т.Орозалиевдин “Кайырма Дыйкан” муниципалдык ишканасынын алдындагы “Көлмө” ИСКАКБынын таза сууга болгон тарифин бекитүү боюнча сунушун карап талкуулап, Байзак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат.
1. “Кайырма-Дыйкан” муниципалдык ишканасынын алдындагы “Көлмө” ИСКАКБынын таза сууга болгон тарифи үйгө киргизип алгандарга киши башына айына 20 (жыйырма ) сомдон ал эми көчөдөн ташып ичкендер үчүн киши башына айына 15 (он беш) сомдон бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
Төрайым | Т. Т. Акматова |